Кыргыз-казак чек арасында кайрадан тыгын пайда болду (видео)

2342

Түндө Чүй областындагы “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайында 300гө жакын фура кезек күтүп туруп калган. Бирок түшкө маал оор жүк ташуучу унаалардын саны азая түштү.

Мамлекеттик чек ара кызматы берген түшүндүрмө боюнча, Казакстандын башкы санитардык дарыгеринин токтомуна ылайык, алар өз өлкөсүнө кире турчу унаалардын айдоочуларынан коронавируска тест тапшырган анализдин жыйынтыгын сурап жатышат. Бул чектөө 12-ноябрда эртең менентен тарта иштей баштаган.