Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу керек

684

Кыргыз-казак чек арасындагы абалдан пайдаланып, жеңил жол менен акча табууну көздөгөндөр жортулга чыгууда. Ишкерлердин айтымында, түнкүсүн айдоочуларга топ адамдар келип, белгилүү бир суммадагы акчага кезегин алдыга жылдырып берүүнү сунуштап жатышат.

Өткөн түнү эле мындай эки учур катталган. Андыктан кезек күткөндөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн патрулдук милициянын 3-4 машинасы нөөмөткө турса жакшы болмок, дешет бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү.