Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын тыгыны азая элек

1424

Кыргыз-казак чек арасында жүздөгөн метрге созулган жүк ташуучу унаалардын тыгыны азая элек. Бүгүн эртең менен «24 Кэй Жи» маалымат агенттигинин журналисттери «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрмө пунктундагы абалды видеого тартып алышкан. Анда көрүнүп тургандай, жүк ташыган унаалардын узун тыгыны дагы деле азая элек.

Эки өлкө ортосундагы «Ак Жол» бекети аркылуу алгач тез бузулуп кетүүчү жашылча-жемиштер өткөрүлүп жатканы тууралуу оор жүк ташып иштеген Айдоочулар бирикмесинин өкүлдөрү билдиришүүдө. Себеби буга чейин товар ташып бараткан ишкерлер даттанып, өзгөчө жүзүм, кулпунай, малина, алмурут бузулуп, чирий баштаганын айтышкан. Ал эми жарандардын өтүүсү бир аз жеңилдеп калганы белгиленүүдө.

Учурда «Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда гана жарандардын топтолуусу байкалып, «Ак-Жол», “Чалдыбар” жана «Чоң-Капка» көзөмөл-бекеттеринде узун кезек жок экени айтылууда.

Эске салсак, 10-октябрдан тарта Казакстан тарап өткөрүүдөгү текшерүү тартибин бир кыйла күчөтүп, анын айынан жарандар бир нече сааттап кезекке туруп, токтоп турган оор жүк ташыган автоунаалардын саны да өсүүдө.