Кыргыз-казак чек арасындагы абал өзгөрүүсүз бойдон калууда

830

Кыргыз-казак чек арасынан кошуна тарапка өтүү түндө бир аз жеңилдеп, бирок бүгүн эртең менен саат 8ден тарта кайра кыйындады. Учурда эки мамлекет ортосундагы «Кордай», «Ак тилек», «Чалдыбар» жана «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө пункттарында жарандардын, автоунаалардын өтүшү оорлоп, узун тыгындар жана кезектер пайда болууда. Казакстан тарап чек ара бекеттеринде 10-октябрдан тарта көзөмөлдү күчөткөн.

Эске салсак, кечээ өкмөттөн маалымат таратылып, анда Россиянын Сочи шаарында өткөн Евразиялык экономикалык кеңештин алкагында, премьер-министр Сапар Исаков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалды сүйлөшкөнү айтылган. Андан соң казак президенти чек арада жаралган бардык маселелерди чечүүнү тапшырганы кабарланган.

Бирок бул азырынча кошуна тараптан расмий жарыяланган жок жана өткөрүү процедуралары жеңилдей элек.