Кыргыз-казак чек арасындагы бүгүнкү абал (видео)

996

«Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 300дөн ашып, кырдаал өзгөрүүсүз калууда. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кээ бир айдоочулар Казакстандын аймагына кирип, бирок кайра артка кайтарылган. Алардын документтери туура эмес экени айтылган.

Казакстандан кайра кайтарылган оор жүк ташуучу унаалар кайра эле келип катарга кошулуп жатышат. Мындан улам кезек узарып, жолдо тыгын пайда болууда. Белгилей кетсек, кыргыз-казак чек арасында мындай абал түзүлгөнүнө 2 апта болуп калды. Буга коңшу өлкөнүн чек арада көзөмөлдү күчөткөнү себеп болууда.