Кыргыз-казак чек арасындагы бүгүнкү абал (видео)

739

Ал эми чек арада кезек күткөн айдоочулар эми тыгын азаят деп ишенүүдө. Учурда Ак-Тилек чек ара бекетинде турган фуралардын саны 500дөн ашат. Колоннанын узундугу 12 чакырымга чукулдаган. Буга карабастан, кезекке кошулган оор жүк ташуучу унаалар көбөйүүдө. Алар Кыргызстан менен Казакстандын жетекчилеринин жолугушуусунан кийин кошуна тарап текшерүүнү тездетет деп, үмүт артып жатышат. Ак-Жол өткөрүү жайында көп деле тыгын байкалбайт. Ал жерде мурдагыга салыштырмалуу жеңил унаалар бат-баттан өткөрүлүүдө.