Кыргыз-казак чек арасындагы фуралардын саны азайды

862

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны азайды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкын Абдыкариева “Азаттыкка” билдирди.

— Эртең мененки 9:30дагы маалымат боюнча “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 410 жүк ташуучу автоунаа турат. Бирок кечээ кечки 6дан баштап казак тарап унааларды өткөрүүнү тездеткен. Таңга чейин 225 фураны өткөрүшкөн. Мурда саатына жети-сегиз эле унаа өтсө азыр, 15-20дан өтүп жатат.

Абдыкариева кошумчалагандай, Таластагы “Чоң-Капка” өткөрмө пунктундагы 70тей жүк ташуучу автоунаанын бардыгы өттү.

2-декабрда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “Жол картасына” кол коюлган. “Жол картасы” эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу суроолорун комплекстүү чечүү үчүн 50 иш-чарадан турат. Анын ичинде чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарындагы биргелешип иш алып баруу каралган. Документте ыкчам мүнөздөгү 16 чара камтылып, беш кыска мөөнөттүү жана 29 системалуу чаралар бар.

30-ноябрда кыргыз-казак президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Минскиде өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитинде жолугуп, чек ара маселесин талкуулашкан. Анда тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп чыккан “Жол картасына” кол коюлуп, чек ара ачыларын убада кылышкан.

Кыргыз-казак чек арасындагы текшерүү экс-президент Алмазбек Атамбаев Назарбаевдин дарегине сын айткандан кийин күчөгөн. Анда Атамбаев Назарбаевдин президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолугушуусун Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү катары айыптаган болчу. Казак тарап 10-октябрдан тарта текшерүүнү күчөтүп, муну Кыргызстан аркылуу өткөн аткезчиликти азайтуу аракети катары түшүндүргөн.