Кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча штаб түзүлдү

849

Бир нече суткалап кезек күткөн айдоочуларда медициналык тейлөө, коопсуздук, тамак ашка байланыштуу маселе жаралса, Экономика министрлигине кайрылышы керек. Ал эми бат бузулуучу товарларды сактап калуу үчүн өлкөнүн аймактарында айыл-чарба продукцияларынын жарманкесин уюштуруу сунушталууда.

Бирок буга ишкерлер макул болобу, белгисиз. Анткени алар тонналаган товарын Кыргызстандын ичинде сатып түгөтүү мүмкүн эмес экенин айтып келишет.