Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал оорлошту (видео)

719

Бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы кошуна өлкөнү көздөй бир да оор жүк ташуучу унаа өткөрүлгөн жок. НТС каналынын журналисттери кырдаалды жеринен барып билип келишти. Учурда «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде кезекте турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 300гө чамалайт. Кезекте тургандардын арасында кошуна өлкөнүн аймагына кирип, бирок болор-болбос себептер менен артка кайтарылгандары да бар.

Айдоочулар мурда кандай документтер менен өтүп келишсе, учурда деле дал ошол кагаздар менен келгенин айтышууда. Анын үстүнө бардык жүктөр түз эле Россияга багытталгандыктан, мындан Казакстан транзиттик кирешеден башка чыгаша көрмөк эмес. Ал арада унаалардын айдоочулары ири чыгымдарга дуушар болушууда.