Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу унаалардын тыгыны (видео)

2489

Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Тилек өткөрүү бекетинде кайрадан тыгын жаралды. Фуралардын саны 150дөн ашты. Кыргызстандын оор жүк ташыган айдоочуларынын бирлиги транспорттун узун кезегинин жаралышына казак тараптын тыкыр текшерүүгө алып жатканы себеп болууда дейт.

Айтымдарында, Казакстандагы тополоң учурунда элге тарап кеткен курал жарактардын сыртка чыгуусун алдын алуу үчүн аракеттер көрүлүп жатышы мүмкүн. Ал эми УКМКнын чек ара кызматы мындай жагдайдын жаралышынын бир катар себебин атады.