Кыргыз-казак элдеринин достугуна шек келтирчү кадам (видео)

1371

Казакстан Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин каршылык нотасына жооп кайтарып, анда мындай реакция эки мамлекет ортосундагы союздаштык жөнүндөгү келишимге туура келбесин билдирди. Белгилей кетсек, жакында эле коңшу өлкөнүн башчысы Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин бири менен жолугушкан. Буга биздин мамлекеттин Тышкы иштер министрлиги нааразычылыгын билдирип, нота жөнөткөн. Адистердин айтымында, бул нотаны берүүгө эч кандай негиз жок болчу. Анткени башка суверендүү өлкөнүн президенти кимди кабыл алат, аны маалымат булактары кандай чагылдырат, бул ошол тараптын жеке иши. Ага кийлигишип, каршылык нотасын жөнөтүү Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелерди солгундатышы мүмкүн, дешет адистер.