Кыргыз-казак өкмөт башчылары Ереванда сүйлөшөт

1165

Кыргызстан жана Казакстандын өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев Армениянын баш калаасы Ереванда кезигип, сүйлөшөт. Жолугушуу Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйынынын алкагында болот. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чынгыз Эсенгул уулу билдирип, кыргыз делегациясы Арменияга 24-октябрда түштөн кийин учуп кетерин айтты.

Исаков менен Сагинтаевдин Еревандан жолугары тууралуу мурдараак Казакстандын «Хабар» агенттиги кабарлап, сүйлөшүүнүн негизин эки өлкө ортосундагы Жол картасы маселеси түзөрүн жазган.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев шайлоого аралашып жатат деп казак бийлигин сындаган. 10-октябрдан тарта Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн жана муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырган. Андан бери абал бир жаңсыл чечилбей келүүдө.