Кыргыз-казак өкмөт мүчөлөрү чек арадан жүк өткөрүү маселесин талкуулашат

2989

Январь айынын соңунда Казакстандын Алматы шаарында кыргыз-казак өкмөт мүчөлөрү чек арадан жүк өткөрүү маселесин талкуулашат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматтарга караганда, өкмөттүк деңгээлде жолугушуу 30-31-январда болот. Ал жерде аткаминерлер кыргызстандык жүк ташуучуларга карата кыйынчылыктардын жаралып жаткан маселесин кабыргасынан коюп, казак тарап менен ачык сүйлөшүүнү пландап жатыптыр. Бул тууралуу вице-премьерлер Жеңиш Разаков менен Замирбек Аскаров 21-январда «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде кезек күтүп турган жүк ташуучулар менен жолугушуп жатып билдиришкен.

Учурда ал жерде топтолгон фуралардын саны 100гө чукул экени белгиленүүдө. Казак тарап электрондук пломба коюу зарылдыгын айтып, документтерден улам бир кынтык таап жатыптыр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.