Кыргыз киночуларынын чоң ийгилиги! (видео)

734

Сентябрдын экисинен тогузуна чейин Орусияда өткөн «Киношок-2018» фестивалында кыргызстандык 4 фильм сыйлыкка татыды. Режиссер Таалайбек Кулмендиевдин «Мунабия» тасмасы баш байге алып, Темир Бирназаровдун «Түнкү авария» фильми дагы эки номинацияда мыкты деп таанылды.

Андан тышкары, бир даректүү жана бир кыскаметраждуу тасма атайын сыйлыктарды алышты. Кыргыз кино сынчыларынын айтымында, бул жеңиштер дагы соңку жылдары кыргыз режиссерлорунун эмгектери Эл аралык деңгээлде жогору бааланарын тастыктайт.