Кыргыз курама командасы Бириккен Араб Эмиратынан жеңилип калды

1131

Кыргызстан менен БАЭ оюнунун кошумча таймынын 103 – мүнөтүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” пенальтиде гол киргизди. Ошентип, 3:2 эсебинде Бириккен Араб Эмиратынын командасы утту.

Калыс кыргыз командасынын оюнчусу каршылашын атайын жөөлөп кулатты деген жүйө менен пенальти тебүүнү дайындаган.

1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде утулуп калган. Ал эми филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.