Кыргыз күрөштө бардык алтын медалды кыргызстандык балбандар жеңишти

1289

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөш боюнча чыккан биздин балбандар баш байгени эч кимге берген жок. Кыргызстандык спортчулар 7 салмактагы категориядагы атаандаштарын жеңип, бардык алтын медалдар өлкөнүн куржунунда калды.

Жеңүүчүлөр болуп Бекболсун Сатканкулов, Эсенбек уулу Амангелди, Самат уулу Равиль, Баястан Идирисов, Чыңгыз Чалабаев, Нурбек Кожобеков аталды. Мелдештин жыйынтыгы менен абсолюттук салмакта күч сынашкан балбан Тилек Куралов — эң мыкты болуп чыкты. Алтын медаль ээлерине 1 миң доллардан ыйгарылды.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн кыргыз күрөш мелдешине жалпысынан 38 мамлекеттен 131 балбан катышкан.