Кыргыз-кытай чек арасы 8-апрелге чейин убактылуу жабылат

943

Кыргыз-кытай чек арасы 8-апрелге чейин убактылуу жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүнө караганда, Кытай Эл Республикасында Маркумдарды эскерүү күнү өткөрүлөт.

Буга байланыштуу, мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги «Торугарт-автожол» жана «Эркечтам-автожол» өткөрүү жайлары убактылуу жабык болот.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрүү жайларында жарандарды, автоунаа каражаттарын жана жүк өткөрүү 8-апрелден тарта кайра жанданат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.