Кыргыз-Кытай чек арасы 8 күнгө жабылат

1349

Кыргыз-Кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрүү пункттары 8 күнгө жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Кытай Эл республикасынын мамлекеттик майрам күнүнө байланыштуу кошуна тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай чегиндеги көзөмөл пункттары 1-октябрдан 8-октябрга чейин жабык болот.

Ал эми 9-октябрдан тарта жол каттамдары жанданып, пункттар кадимки тартипте иштеп баштайт.