Кыргыз – Кытай элчиликтери жер алмашты (видео)

1115

3 гектардан ашуун жер тилкеси Кытай элчилигине 2003-жылы эле берилген. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү айтышууда. Алар ошондой эле, арадан 15 жыл өтсө дагы ордуна Кыргызстан Бейжинден жер тилкесин алган эместигин айтышууда. Бул боюнча сүйлөшүүлөр 5 жылга созулуп, жума башында коңшу өлкө Кыргыз элчилигин курууга Кытай борборунан 25 сотых жер бермей болгон. Бул жаңылык кеңири коомчулукта, өзгөчө интернет мейкиндигинде кызуу талкууланып, ар кандай кабыл алынууда. Эксперттер буга Тышкы иштер министрлигинин маалыматты убагында жана туура жеткире албаганы себеп болду дешет.