Кыргыз маданиятына өчпөс чыйыр салган залкар (видео)

2149

«Жүз жыл, миң жыл өтсө дагы Жамал Сейдакматованын аты өчпөйт, өлбөйт». «Ал татыктуу жана өрнөктүү өмүр сүрдү». «Жамал Сейдакматова Муратбек Рыскулов, Даркул Күйүкова, Бакен Кыдыкеевалардын чоң театрына кетти». Мындай сөздөр бүгүн улуу талантты акыркы сапарга узатуу зыйнатында айтылды.

Кыргыз Эл артисти, кино жана театр жылдызы Жамал Сейдакматованын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилди. Кыргыз маданиятына өчпөс чыйыр салган залкар инсан оорудан улам 82 жаш курагында дүйнө салган.