Кыргыз милициясы эмне менен элдин эсинде калды? (видео)

1071

Кыргызстан милициясы элдин ишенимин кайтаруу үчүн болгон аракетин жумшоодо. Учурда Ички иштер министрлиги өз милдетин жакшы аткара албаган кызматкерлерден арылып жатат. Жыл башынан бери 138 адам ички иштер органдарынан кетирилген.

Эскерте кетсек, жакында эле ички иштер министри Кашкар Жунушалиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, милиция элдин ишениминен чыкканын, аны кайтаруу үчүн болгон аракет жумшалып жатканын билдирген. Биринчи ноябрда Кыргыз милициясынын негизделгенине 94 жыл толот. Бул күн тартип сакчылары үчүн майрам гана болбостон, алардын ишине баа берип, ийлигиктери менен бирге, кемчиликтери тууралуу дагы сөз кылууга себеп болмокчу.