Кыргыз милициясы полицияга айланышы мүмкүн (видео)

868

2018-жылы ички иштер органдарынан 263 кызматкер бошотулуп, 155 тартип сакчы биротоло айдалды. Арасында жетекчилик кызматта отургандар да бар. Органдардан биротоло айдалган погончондор коомдук тарипти сактабай, өздөрү кылмышка аралашышкан. Бирок Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кайсы кызматкер кандай себептер менен жумуштан кеткенин ачыктаган жок.

Адистер көпчүлүгү шектүүлөрдү суракка алуу учурунда кыйноолорго барган үчүн жумуштан айдалган деп божомолдошот. Себеби Кыйноолорду алдын алуу борборуна түшкөн арыздардын дээрлик 90 пайызы милиция кызматкерлерине каршы жазылган.