Кыргыз милициясында ат минген тартип сакчылар (видео)

936

Кыргыз милициясында ат минген тартип сакчылар көбөйүшү мүмкүн. Мындай аракеттер патрулдук милицияны реформалоонун алкагында көрүлүп жатат. Учурда, коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн атчандардын бир гана взводу иштеп, анын курамында 21 күлүк, 25ке жакын кызматкер бар.

Патрулдук милиция түзүлсө дагы канча взвод иштеп баштайт азырынча айтыла элек. Учурда кошумча ат сатып алуу маселеси чечилип жатыптыр. Күлүктөргө коюлган башкы талап жалар автомашиналардан, ар кандай ызы-чуудан үркпөшү керек.