Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы оор болушу мүмкүн

3155

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара сызыгын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи этабы оор болушу мүмкүн. Анткени калк отурукташып калган аймактардагы талаш жерлерге байланыштуу иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтыкка арналган тегерек столдо айтылды.

Учурда эки өлкөнүн комиссиялары 1170 чакырым боюнча бир пикирге келишти. Ага байланыштуу утурумдук келишим түзүлүп жатат. Ал эми калган талаш тилкелер боюнча сүйлөшүүлөр уланат. Эксперттердин айтымында, чек ара маселелеринин чечилиши экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жол ачат.