Кыргыз-өзбек чек арасында сугат сууга байланыштуу чыр чыкты

837

Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарынын ортосунда сугат сууга байланыштуу чыр чыкты. Окуя Баткен областынын Сох анклавы менен чектешкен Суу-Башы айылында болгон. Сууну ачуу үчүн насос станциясына барган мотористти кошуна өлкөнүн Шархабат айылынын тургундары сабап салып, азыр алар ооруканада.

«Ширеч» насостук станциясы жайгашкан жер Кыргызстанга таандык, бирок ал Сох анклавынын ичинде. Бул маселеге байланыштуу бүгүн эки өлкөнүн өкүлдөрү жеринде жолугушту. Анда Сох районунун прокурору станциянын кызматкерлерин сабаган Өзбекстандын төрт жаранына кылмыш иши козголуп, камакка алынаарын убадалады.

Ошондой эле, ал насостук объектинин иши жана анда эмгектенгендер Өзбекстандын чек арачылары тарабынан кайтарууга алынат деп билдирди.