Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Баймак» бекети толук ачылды

813

Ала-Букадагы кыргыз-өзбек чек ара бекети эки тараптуу толук иштей баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн 19-сентябрда кыргыз жана өзбек тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда «Баймак» чек ара бекети толук ачылып, иштей баштады.

Буга чейин 16-сентябрда өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругуна ылайык чек ара бекети кыргыз тараптан ачылганы менен өзбек жак техникалык оңдоого байланышуу убактылуу жаап турууну суранган.

Жалпысынан эки өлкө ортосунда 15 чек ара бекети бар. Анын 11и автоунаа, 4 темир жол. Дээрлик баарында Кыргызстандагы 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин өтүү татаалдаган.