Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Маданият» бекети ачылды

1608

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кыргыз-өзбек чегинде жайгашкан «Маданият» көзөмөл-өткөрүү бекети ачылды.

Иш-чарага Кыргызстандын жана Өзбекстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бул көзөмөл өткөрүү жайы 2004-жылы жөө адамдар үчүн ачылып, 2016-жылы Өзбекстан тараптан бир тараптуу жабылып калган.

Өткөн айда Ала-Букада кыргыз өзбек чегиндеги «Баймак», андан мурда Ош облусундагы «Достук» чек ара бекети ачылган.