Кыргыз-өзбек чек арасындагы окуя боюнча кылмыш иши козголду

853

Аксы райондук Ички иштер бөлүмү Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын жаранын атып салган окуя боюнча «киши өлтүрүү» беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. 7-апрель күнү 34 жаштагы жаран Фархад Мырзакалыковго Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында ок атылган.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, окуя Кыргызстандын аймагында болгон. Курулуш айылынын тургуну ошол күнү кошуна өлкөдө жашаган туугандарына тойго барып, кайра келатканда ок тийген. Аны аткан өзбекстандык чек арачы маркумду өз аймагына сүйрөп киргизип кетүүгө аракет кылып, бирок жетишпей калган.

Бул боюнча кошуна өлкөнүн тиешелүү мекемеси түшүндүрмө берип, Кыргызстандын жараны чек ара тилкесин бузуп, жоокердин эскертүүсүнө, абага ок атылганына да маани бербей койгон, деп айтып чыкты.

Адам өлүмү менен коштолгон окуяга байланыштуу расмий Бишкек Ташкентке нота жиберген. Ошондой эле, эки өлкөнүн премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөшүп, учурда эки жактан тең тиешелүү органдар окуянын чоо жайын иликтеп жатат.