Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу эки жер тилкеси талкууланды

782

Өзбекстандын Наманган областында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары жолугуп, чек аранын тактала элек тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулашты. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Анда тараптар Фергана менен Баткен областарынын аймагындагы Шахимардан тилкеси жана Наманган менен Жалал-Абаддын ортосунда жайгашкан Кандион-Булок тилкелери тууралуу сүйлөшүшкөнү белгилүү болду. Жолугушуунун жыйынтыгында атайын протокол түзүлгөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек ара тилкеси жалпысынан 1388 чакырымды түзсө, анын 200 километрге жакыны тактала элек.