Кыргыз-өзбек мамилесиндеги барьер жоюлабы? (видео)

784

Кыргызстан Өзбекстанга 42 мекеменин базасында биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады. Алардын арасында, учурда иштеп жаткан, токтоп турган жана сатыкка коюлган ишканалар да бар. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Артем Новиков менен Өзбекстандын тышкы соода министри Жамшид Ходжаевдин жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Меймандар ишкерлер менен жолугуп, кызматташууга келишим түзүү үчүн келишкен. Өз кезегинде Өзбекстан экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктарды жоюуга даяр экендигин билдирүүдө. Ошондой эле коңшулар бизге жеңил жана оор жүк ташуучу унааларды, автобустарды, жол техникаларын, турмуш-тиричилик техникаларын, ошондой эле жер семирткичтерди алып келүүгө даяр.