Кыргыз паспортторду сатуу качан токтойт? (видео)

890

Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө жарыяланган Тажикстандын жараны Низомхон Джураевден эми Кыргызстандын биометрикалык паспорту дагы табылды. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык базасына анын манжа изи киргизилген эмес. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Тартип боюнча, мындай документ алуу үчүн манжа изи менен айди-картанын көчүрмөсүн тапшыруу зарыл. Демек Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердин катышуусу жок эле биометрикалык паспорт жасап алуу оңой элеби деген суроо жаралат. Эл аралык издөөдө жүрүп, Украинада кармалган Тажикстандын мурдагы депутаты жана ишкер Низомхон Джураев жакында эле кыргызстандык паспорт менен кармалган. Буга чейин дагы, башка өлкөнүн кылмышка шектелген жарандары Кыргызстандын мыйзамсыз жасалган документтери менен кармалган учурлар болуп келген.