Кыргыз паспорттору эл аралык террорчулардан табылдыбы? (видео)
6420
Ислам мамлекети террордук уюмунун мүчөлөрү АКШга жана Европа өлкөлөрүнө кирүү үчүн Кыргызстандын жасалма паспортторун колдонуп жатышабы? Улуу Британиянын «The Gardian» басылмасы журналисттик иликтөө жарыялап, анда Кыргызстандын паспорту эң арзан документтердин катарына кирип, баасы 5 миң долларга чейин жетерин жазып чыкты. “Инфоком” мамлекеттик ишканасы бул маалымат жалган болуп калышы толук ыктымал дейт.
Анткени былтыр майдан бери жаңы үлгүдөгү паспорттор бериле баштап, аны жарым миллиондой жаран алган. Ошондон бери документтин жасалмалуулугун экспертизадан өткөрүү боюнча бир дагы арыз түшпөптүр.