Кыргыз паспорту Россияда 1500гө сатылат (видео)

1538

Кыргызстандын паспортун жасап берем, акысы 1500 рубль. Мындай жарнамалар чет өлкөлөрдө кадимки эле көрүнүшкө айланып баратат. Аны угуп билип турса дагы тиешелүү органдар ооз ачкан жок. Азыр жакынкы кошунаны кой, алыскы тээ Европа өлкөлөрүндө киллерлерден, өтө коркунучтуу кылмышкерлердин жанынан Кыргызстандын паспорттору табылып жатат. Бир эки эле мисалды айталы. Жакында эле Германияда Грузия жаранын өлтүрдү деп шектелип колго түшкөн адамдын жанынан биздин өлкөнүн документи табылган.

Анын алдында болсо Түркияда көзү тазаланган кытайлык ишкер Саймаитинин жанынан дагы Кыргызстандын паспорту алынды. Ага тээ 2003-жылы эле 1994-жылкы үлгүдөгү документ мыйзамсыз берилиптир. Эркин Самятов деген атты алып жүргөн бул адам 2014-жылы паспортун кайра алмаштырып, бир эмес эки документ алыптыр. ID жана жалпы жарандык паспорт. Бул былык иш Жалал-Абад областынын Сузак районунда жасалганы дагы аныкталган. Бирок азырынча эч ким жазага тартыла элек. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Каттоо кызматы тарабынан быйыл эле 36 жасалма паспорт берилген.