Кыргыз саясатынын аксакалдары шайлоого байкоо жүргүзүшөт (видео)

1324

Кыргызстандагы абройлуу аксакал-саясатчылар президенттик шайлоого байкоо жүргүзүшөт. Бул үчүн өлкөнүн мурдагы жетекчилери парламенттин экс-төрагалары жана мурдагы премьер-министрлерден турган жарандык кыймыл түзүлдү. Ал «Таза шайлоосуз таза коом жок» деп аталып, анын өкүлдөрү калк аралап, эл аралык байкоочуларды тартып жана талапкерлердин штабдары менен тыгыз иштешмекчи. Алардын максаты — шайлоодо ыплас ыкмалар колдонулса, коомдук пикир жаратып, легитимдүүлүк маселесин көтөрүү. Муну менен добуш берүүнү таза өткөрүүгө жардам көрсөтүп, өлкөдөгү абалды туруктуу сактап калууга көмөктөшөбүз, дешет демилгечилер.