Кыргыз сомундагы өзгөрүүлөр (видео)

2318

Кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгенине туура 25 жыл толду! Чейрек кылым мурда, 3-майда Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөбүздүн Улуттук валютасын кабыл алуу үчүн добуш беришип, бир жумадан кийин 10-майда кыргыз сому жүгүртүүгө чыгарылган болчу. Андан бир нече күн өтүп, Кыргызстанда рублдин мыйзамдуу жүрүшү токтогон. Чейрек кылымдык тарыхы бар кыргыз сому 25 жылдын ичинде 4 жолу өзгөртүүлөргө дуушар болуптур. Купюралардын алгачкы эскиздери Улуттук банктын музейинде бүгүнкүгө чейин деле сакталып турат. Кыргыз сомунун 25 жылдыгына карата Улуттук банк 2 коллекциялык монета чыгарды.