Кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилгенине туура 25 жыл толду

2107

Чейрек кылым мурда, 3-майда Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөбүздүн Улуттук валютасын кабыл алуу үчүн добуш беришип, бир жумадан кийин 10-майда таңкы саат төрттө кыргыз сому жүгүртүүгө чыгарылган. 4 күндөн кийин Кыргызстандын аймагында рублдин мыйзамдуу жүрүшүнүн акыркы күнү болгон.

Мындай маанилүү датага байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков банк чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Өлкө башчы өз сөзүндө кыргыз сому — акча саясатынын негизги каражаты гана болбостон, өлкөнүн көз карандысыздыгынын символу экенин баса белгиледи.