Кыргыз-тажик чек арачылары ортосунда чатак чыкты (видео)

1882

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта кармалган Тажикстандын аскер кызматкерлери өз мамлекетине өткөрүлүп берилди. Кечээ кечке жуук Баткен областынын Лейлек районундагы Максат айылында “Футбол аянтчасы” деген жерде эки өлкөнүн чек арачылары ортосунда жаңжал чыккан. Ага чейин тажикстандык аскерлер эки өлкө чегиндеги макулдашыла элек сызыктан өтүп келип, ал жерде соода кылып жаткан Кыргызстандын жарандарын кубалашкан. Кошуна өлкөнүн аскерлери тактала элек жерде жүргөндүктөн, кыргыз чек арачылары алардын чыгып кетүүсүн талап кылышкан. Бирок тажик жоокерлери талапка баш ийбей чатак чыгарып, асманга ок атышкан.