Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды (видео)

2495

Саат 18:00гө карата Чек ара кызматы тараткан маалыматка караганда, Баткен областындагы чектешкен аймакта абал салыштырмалуу туруктуу. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы менен эки тараптын күчтөрү жана техникалары жайгашкан аймакка биргеликте кароо жүргүзүү иштери башталды. Андан ары алар мурдагы жерине кайтарылат деп маалымдалууда. Ош-Исфана жолунун Баткен областынын Жака-Өрүк участогу ачылып, кыймыл жанданган. Баткенде эки өлкөнүн атайын кызматтарынын башчыларынын сүйлөшүүсү аяктады.

Анда Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов биргелешкен билдирүү жасап, ок атууну толугу менен токтотуу жана аскерлерди мурдагы жерлерине кайтаруу боюнча келишимге жеткенин жарыялашты. Буга чейин деле мындай макулдашуулар болгону менен Тажикстан тарап келишимди бир нече жолу бузуп ок чыгарууну уланткан. Анын кесепетинен каза тапкандардын саны 33кө жетти.