Кыргыз-тажик чек арасы: жаңжалдан жабыркаган 2 кыргыз ооруканада (видео)

3571

Кечээ кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган эки киши ооруканада жатат. Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, алардын абалы канааттандырарлык. Эки тараптан тең жергиликтүү бийлик өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Кыргыз өкмөтүнүн областтагы өкүлчүлүгү билдиргендей, учурда аймакта абал туруктуу. Кечээ Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине Кыргызстандын жараны дубал тургузуп, ал жаңжалдын чыгышына себеп болгон. Эки тараптан жүздөй киши чогулуп, бири-бирине таш ыргытышкан. Анын натыйжасында, эки тараптан тең бир нече киши жаракат алып, материалдык чыгым келтирилген. Учурда Баткендин Үч-Дөбө айылында абал кандай?