Кыргыз-тажик чек арасында абал кандай? (видео)

2775

Тажикстан Кыргызстандын «Кызыл-Бел» чек ара көзөмөл өткөрүү жайына жакын аймактан куралдуу күчтөрүн алып чыгып кетти. Акыркы маалыматтарга караганда, эки тараптуу комиссиянын ишинин натыйжасында, Баткен областынын Тажикстан менен чектешкен аймагынан өткөн Ош-Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө жолу ачылып, каттам калыбына келди.

Эки өлкө ок атууну токтотуу боюнча келишимге жеткени менен бүгүн ал кошуна мамлекет тарабынан бир нече жолу бузулганы кабарланды. Кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу бойдон калууда. Куралдуу кагылышуудан каза тапкандардын саны 31ге жетти. 154 киши жабыркады. Баткен областында бүгүн абал кандай болду?