Кыргыз-тажик чек арасында абал курч (видео)

955

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ок атылды. Маалыматтарга караганда, Баткен областынын Ак-Сай айылына жакын жерде Тажикстандын Ворух анклавы тараптан ок чыгарылган. Анда Кыргызстандын бир милиция кызматкери бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. 14-мартта түшкө чейин чектешкен аймакта кырдаал салыштырмалуу туруктуу болчу, бирок саат 15.00дөн кийин абал курчуп кеткенин чек ара кызматынан ырасташты. Эки тараптан тең эл чогулуп, буулган жолдор жабык турду.

Кыргызстандын жарандары Ак-Сай — Тамдык жолун, тажикстандыктар Ак-Сай Төрт-Көчө трассасын бууп салышкан. Жеринде тиешелүү жетекчилер эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө. 13-мартта кечинде жаңжал чыккан маалда Баткен областынын бир тургунунун көкүрөгүнө ок тийген. Ага операция жасалып, азыр реанимацияда. Жергиликтүү тургунга ок атылганы боюнча Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш иши козголду. Аймактагы кырдаалга байланыштуу чек араны кайтаруу күчөтүлдү.