Кыргыз-тажик чек арасында жер талаштан улам чыр-чатак чыкты

1471

Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Үч-Дөбө кыштагынын Тажикстан менен чектеш аймагында Кыргызстан менен кошуна өлкөнүн жарандарынын ортосунда жер талаштан улам чатак чыкты. Бул маалыматты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ырасташып, интернетте видео тарады.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, кыргыз тарап чек ара тилкесин тосууга аракет кылып, бирок буга Тажикстандын тургундары каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада ортодо чатак чыгып, анда эки тараптан тең ондогон адамдар чогулуп, бири-бирине таш ыргыта башташкан.

Окуя болгон жерге тартип сактоо кызматкерлери тартылды.