Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу боюнча иши козголду (видео)

624

Кыргызстан-Тажикстан чек арасындагы жаңжал боюнча «адам өлтүрүүгө аракеттенүү» беренеси менен дагы бир кылмыш иши козголду. Бул бир нече чек ара кызматкерлеринин жана жергиликтүү тургандардын жарадар болушу, турак-жай, мектеп жана байкоо салган аскер мунарасынын аткыланышына байланыштуу.

Кыргызстандык аскердин окко учканы боюнча «Киши өлтүрүү» беренесинин негизинде кылмыш иши ачылган болчу. Ал арада Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт жетекчилери 2 ирет кезигип, чек арадагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр уланды.