Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча 7 иш ачылды (видео)

651

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча 7 кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу Баткен райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. Анда «рассалык, этникалык, улуттук, диний жана региондор аралык араздашууну козутуу максатында киши өлтүрүүгө аракет кылуу», «тоноо» жана «массалык башаламандык» беренелеринин негизинде кылмыш иштери сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бул иштерди Кыргызстан менен Тажикстандын Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматтары жана Аскер прокуратурасынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн мамлекеттер аралык тергөө тобу иликтейт.

Эске салсак, 13-март күнү кыргыз-тажик чек арасына жакын жашаган айылдардын тургундарынын ортосунда чатак чыгып, анын натыйжасында эки тараптан тең бир нече адам жабыркап, жолдор жабылган болчу. Кыргызстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү бир пикирге келген.