Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал (видео)

778

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесиндеги жаңжалда бир кыргыз чек арачысынын окко учуусу боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тартип сакчыларынын айтымында, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Ал арада, эки өлкөнүн чек ара тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Ошондой эле, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуп, кырдаалды жөнгө салууну сүйлөшүштү. Баткендин Тажикстан менен чектешкен Лейлек районунун Максат айылында эки тараптуу ок атышууда кыргызстандын бир аскери каза таап, 13 жаран ар кандай жаракаттарды алышкан. Тажик тарап болсо 3 аскери окко учканын билдирди.