Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар үчүн 6 жаранга издөө жарыяланды

4204

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу Кыргызстанда Тажикстандын 6 жаранына издөө жарыяланды. Бул тууралуу парламенттин тармактык комитетинде ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Маалыматка караганда, алар чек арадагы чыр-чатактарга катышкан. Кошуна тараптын күч түзүмдөрү да Кыргызстандын жарандарынын эки автоунаасын талкалап, үйдү өрттөөгө аракет кылган жарандарын издеп жатышыптыр.

Ошондой эле, бул отурумда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эки өлкө ортосунда Ак-Сай жана Самаркандек айылдарындагы тилкелерди алмашуу боюнча сунуштар айтылганын билдирди.

Вице-премьер-министр Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгенин билдирди. Андан тышкары адистер алты ирет жолугушуп 134 топографиялык карта даярдашкан. Ал эми чек ара маселеси боюнча туруктуу иштеген жумушчу топтор 120 чакырымдан ашык жерди жөө басып чыгып, изилдөө иштерин өткөрүштү. Анын жыйынтыгында 114 чакырым жер бардык карталар боюнча туура келери аныкталды.

Разаковдун маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү үчүн Тажикстандын жумушчу тобу менен 22-январда Бишкекте жолугушуу болот.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.