Кыргыз-тажик чек арасындагы тургундардын чыры алдын алынды

777

Кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай жана Ворух айылдары чектешкен аймакта тургундардын чыры алдын алынды. Бул тууралуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев билдирди.

Анын айтымында, шейшемби күнү Тажикстандын жарандары Ворухтун ичинде жайлоодон келе жаткан унаага таш ыргыткан. Анын кесепетинен келишпестик чыгып кете жаздап, бирок эки тараптын милициялары сүйлөшүп, абалды жөнгө салууга жетишишкен. 25-июнь күнү аталган аймакта ок атылганы тууралуу маалымат тараган болчу. Бирок мунун чын-төгүнү тастыкталган жок.

Эске салсак, быйыл 13-март күнү Ак-Сай айылы менен Ворух анклавынын тургундарынын ортосунда чатак чыгып, тирешүү ок атуу менен аяктаган. Абалды эки тараптын күч түзүмдөрү, өкмөт өкүлдөрү киришип жатып тынчтандырышкан. Ошол күндөн бери эки өлкөнүн милиция кызматкерлери бул айылдарда коомдук коопсуздукту биргелешип көзөмөлдөөсүн улантып келет. Аталган аймакта чек ара азырынча тактала элек болгондуктан, жол, суу, жайыт талаштан улам чыр-чатактар болуп турат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.