Кыргыз-тажик чек арасындагы учурдагы абал (видео)

1367

Тажикстан тарап чыгарган октон жабыркаган бир жаран каза тапты. Жаракат алып ооруканага кайрылгандардын саны отузга чукулдады. УКМК тараткан маалыматка караганда, эки өлкөнүн аскерлеринин атышуусу бүгүн саат экиден откондо башталган. Саат бешке жакын Тажикстан тарап Кыргызстандын «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук» заставаларын, «Кожогар», «Булак-Башы» постторун миномет менен аткылаган.

Мунун кесепетинен Баткендеги «Достук» чек ара заставасында өрт чыкты. Тажик аскерлеринин аракетине каршы Кыргызстандын чек ара кызматынын “Бөрү” атайын бөлүктөгү отряды Тажикстандын «Ходжа Аълло» заставасын басып алышты. Кыргыз-тажик чек арасында эки тараптан тең кошумча күч жана каражат тартылып жатканы кабарланды.