Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 6 киши жаракат алды

2714

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан улам 6 киши түрдүү жаракаттарды алды. Анын үчөө Ички иштер министрлигинин ички аскеринин 3 кызматкери. Бир адамга ок тийгени кабарланды. Мындай маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан тастыкташты. Учурда жарадар болгон милиционерге Баткен областтык ооруканасында операция жасалууда.

Ошондой эле, Самаркандек айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты да ок жеген. 28 жаштагы Аман Абдилаким уулу колунан жаракат алганы айтылууда. Калгандарына таш тийип жабыркаган. Эки тараптын ортосундагы чыр-чатак Баткен районундагы Көк-Таш айылында бүгүн эртең мененки саат 9:30дар чамасында башталып, ал жерге 200гө чукул адам чогулуп, бири-бирин таш бараңга алышкан.

Маалыматтар боюнча, буга коңшу мамлекеттин жарандары Көк-Таш айылына бараткан жолдо чек арага жакын жерден кыргызстандык кишини сабап кеткени себеп болгон. Жабырлануучу Баткен областтык ооруканасына жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул окуядан улам эки өлкөнүн тийиштүү органдары чогулуп, көйгөйдү жөнгө салуу боюнча жолугушуу өткөрүп жатканда Тажикстан тараптагылар ок чыгарган. Мындан улам, сүйлөшүүлөр токтотулду.

Учурда эки тарап тең чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды турукташтыруу максатында Баткенге Башкы штабдын жетекчиси Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев учуп кеткен.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.