Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан бир адам жабыркады

2684

Кыргызстан-Тажикстандын чек арасында кайрадан жаңжал чыкты. Окуя Баткен районундагы Көк-Таш айылында болгон. Эки өлкөнүн жергиликтүү тургундарынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, бири-бирин таш бараңга алышканы айтылууда. Чогулгандардын саны 200гө чукулдаган.

Бул чыр-чатактан бир адам жабыркап, ал Баткен областтык ооруканасына жеткирилгени кабарланды. Мамлекеттик чек ара кызматы азыркы тапта абал турукташканын маалымдады. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматкерлери жаңжал катталган аймакта жолугушуп, маселени талкуулап жатышат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.